АКШнын Техас штатында 133 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыкты.
Акыркы маалыматтар боюнча, 133 унаа кагышып, натыйжада кеминде алты адам каза болуп, 65 адам жаракат алган.
Полициянын айтымында, окуяга кар жааган соң пайда болгон жолдогу муз себеп болгон.