Соңку бир сутка ичинде коронавирус 43 адамдан табылып, 2 адам көз жумду. Каза болгондор Бишкек шаары жана Чүй облусунун тургундары болгон.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 20 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал - Абад облусунда – 2, Баткен облусунда - 2 кишиден табылган. Ал эми бир күндүн ичинде 86 адам тумоодон айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 425 бейтап, амбулатордук түрдө 457 адам дарыланууда. Ошондой эле, өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.
Стационардан 1 медик, үй карантининен 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 195 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 117 медкызматкер айыгып чыккан. Республика боюнча 85 миң 441 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 184 киши айыгып чыкса, 1 миң 441 адам каза болду.