Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 108 миллиондон ашык адам жуктуруп алды
Новость

14-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 108 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. 

Тагыраагы, 191 өлкөдө кооптуу тумоону 108 млн 535 миң 739 адам жуктуруп, анын ичинен 2 млндон ашык киши каза болду. 

Коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллионго жакындады.

Экинчи орунда - Индия өлкөсү. Инфекция 11 миллион адамдан аныкталса, Бразилияда 9 миллион 809 миң адам вируска кабылды.