Кыргызстанда бир суткада коронавирус 34 адамдан табылды
Новость

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 34 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 19, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда - 5 кишиден табылган. Ошол эле учурда 69 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19дан каза болгон учурлар катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 424 бейтап, амбулатордук түрдө 421 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 475 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 253 киши айыгып чыкса, 1 миң 441 адам каза болгон.