Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 48 учур катталды. Оору эки адамдын өмүрүн алган. Анын бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Россияда бир айда коронавирус жуктуруп алгандар 2 эсе азайды. Казакстанда буга чейин бир күндө 1 жарым миң учур катталса, эми 600гө түштү. Ал эми Кыргызстанда эпидемилогиялык абал туруктуу, бирок коронавирустук тастыктоолор катталууда. Андыктан алдын алуу иш-чараларды токтотууга болбойт. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 564кө жетти.
Айыккандар 82 391 адам. Учурда стационарларда 420 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 115 бейтаптын абалы оор болсо, 29у өтө оор абалда деп бааланууда. Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган медиктер катталган жок.