Венгриянын жогорку окуу жайларына онлайн режиминде сынак башталды
Новость www

Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалагандар үчүн онлайн режиминде сынактык тестирлөө өткөрүлүүдө. Экзамен тапшырып жаткан талапкерлердин тесттеги алган упайы сайтта көрсөтүлүп, жыйынтыгы дароо чыгарылат. 

Тесттен өткөндөрдүн тизмеси 28-февралга чейин Венгрияга жиберилиши керек. Быйыл Венгрия өкмөтү 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандарына 150 бюджеттик орун бөлгөн.