Бир сутка аралыгында таажы вирусу 83 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Республикалык штабдын билдирген маалыматына караганда, жугуштуу илдетке Бишкектен - 22, Ош шаарынан - 3, Чүй облусунан - 42, Ош облусунан - 4, Ысык-Көл облусунан - 10, Жалал-Абад облусунан - 1, Баткен облусунан - 1 киши кабылган.
Ал эми бир сутка ичинде 58 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда 411 бейтап, амбулатордук түрдө 386 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 85 миң 772 адам КОВИД-19 жуктурду. Алардын ичинен 82 миң 583 киши айыгып чыкса, 1 миң 450 адам каза болду.