Кыргызстанда бир суткада коронавирус 66 адамдан табылып, 3 адам каза тапты. Набыт болгондор Бишкекте экөө, Ысык-Көлдө бир адам.
Жуктуруп алгандар аймактар боюнча: Бишкекте – 27, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда - 6, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 6, Баткен облусунда - 1 киши. Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда 358 бейтап, амбулатордук түрдө 328 адам дарыланууда. Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 91 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.