Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЧР-тест берди. Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясын аныктоого 100 миң ПЧР-тест жабдыктары берилди.
Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигине тапшырылды. Аталган гуманитардык жүк Кыргызстанга бүгүн жөнөтүлөт.