Бүгүн коронавирус 51 адамдан табылып, каза болгондор катталган жок
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 51 адамдан табылып, 55 киши айыгып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден коронавирус инфекциясы табылган. 

Сутка ичинде COVID-19дан каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 313 адам дарыланууда. Ал эми медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 142 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 83 миң 61 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.