Кыргызстанда бир суткада коронавирус 54 адамдан табылды
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 57 айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 258 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 410 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 375 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болгон.