Австрияда 41 бейтап Pfizer жана BioNtech вакцинасын алгандан кийин каза болгону айтылууда. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ошол эле маалда дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препараттын ортосундагы байланышты аныкташкан эмес. Отчетто белгиленгендей, 11 адам эмдөөнү коронавирустун инкубациялык маалында алып каза тапкан. Калган 19 кишинин оорусу өлүмгө алып келди деп болжолдонсо, сегизинин өлүмүнүн себеби учурда такталып жатканы айтылды. Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19га каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.