Индонезияда Синабунг вулканы ойгонду
Новость www

Индонезияда ири Синабунг вулканы ойгонуп, асманга 5 чакырым келген күл менен чокту сапырды. Жергиликтүү калк жанар тоонун жарып чыгышынан кооптонуп турушат. Анткени буга чейин кырсыктан адам курмандыктары катталып келген. Вулкандын тегерегин кара түтүн каптап, абаны булгоодо.

Индонезиянын Суматра аралынын түндүгүндө жайгашкан Синабунг жанар тоосу оргуштады. Асманга ээриген таштар чачырап, анын узундугу 5 чакырымга чейин жетти. Бул жанар тоонун жарып чыгышы былтыр август айынан бери кайталана элек болчу. Мындан улам аталган аймак учурда кооптуу.

Жанар тоонун тегерегинде жашаган калк бир айдан бери коркуп жашап жатат. Синабунг жанары 2010-жылы алгачкы жолу жарылып чыккан жана андан бери жыл сайын кайталанып келет. 2016-жылы мындан 7 адам каза болгон. Ал эми вулкан ойгонгондо үстүнөн учкан учактарга да ыңгайзсыздыктар жаралып, авиокомпаниялар маршруттарын өзгөртүүгө мажбур болушат.

Синабунг жанары менен катар эле Ява аралында жайгашкан Мерапи вулканы экөө тең бир учурда ойгонду. Аталган жанар асманга 1 жарым чакырым аралыкка чейин чок менен күлдү сапырды. Белгилей кетсек Индонезия Тынч океандын оттуу шакекчесиндеги тектоникалык жаракада жайгашкандыктан, дүйнөдө жанар тоонун жарылып чыгуусу боюнча биринчи орунда турат. Өлкөдө вулкандардын саны 147ни түзсө алардын 130 активдүү болуп саналат. 9 млн индонезиялыктар жанар тоолордун 10 чакырым радиусту камтыган аймактарында жашашат.