Кыргызстанда бир суткада коронавирус 33 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коронавирус - 17, Ош шаарында - 1, Нарында- 1, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал-Абадда - 2 киши вируска чалдыкты.
Ошол эле учурда сутка ичинде 45 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 334 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алды, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты. Жалпы 86 миң 583 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 83 миң 575 киши айыгып чыкса, 1 миң 473 адам каза болду.