Кыргызстанда бир суткада коронавирус 34 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коронавирус - 24 адамдан, Чүй облусунда - 10 кишиден табылды.
Калган облустарда коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде 60 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 294 бейтап, амбулатордук түрдө 261 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.
Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер сакайды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 640 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 666 киши айыгып чыкса, 1 миң 476 адам каза болду.