Кыргызстанда бир суткада коронавирус 52 адамдан табылды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 26 адамдан, Чүй облусунда - 16, Ош облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 2, Баткен облусунда - 2 кишиден вирус табылган.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде 52 адам коронавирустан айыгып чыкты. Сутка ичинде COVID-19дан каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 291 бейтап, амбулатордук түрдө 264 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.
Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер сакайды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 692 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 718 киши айыгып чыкса, 1 миң 476 адам каза болду.