Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунун Архитектура көчөсүнүн тургундары жолдун жасалбай жатканына нааразы. Азыркы учурда унаа жүргөнгө мүмкүн болбой калган. Видеодо көргөндөй жолдун абалы жанды кейитээрлик.
2 жыл мурун маршруттук каттамдын айдоочулары жолдун начарлыгынан каттамын токтотуп коюшкан. Автобусттардын улам-улам тетиктери бузулуп, иштен чыгып калгандыктан, азыркы учурда 2 гана автобус каттап жаткан учуру.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.