Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коронавирус - 31 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 18, Нарында - 3, Ысык-Көл облусунда - 6, Жалал-Абад аймагында - 2, Баткен облусунда - 2 кишиден табылды.
Каза болгондор Бишкек, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тургундары. Ал эми бир сутка ичинде 48 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 312 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 1 учур катталды.
Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери инфекцияны жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер сакайды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 755 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 766 киши айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болду.