Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында таштандылар эл жашаган жерге төгүлүүдө. Кызыгы, бул жер айыл өкмөт тараптан таштанды төгүүчү жайга айланып кеткени.
Шамал болгондо таштандылар чачылып, желим баштыктар тургундардын короо жайына чейин каптайт. Ал эми таштандылардан чыгуучу жагымсыз жыттарды жана ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн дезинфекция иштери таптакыр жүргүзүлбөйт. Бул таштандыга өлгөн мал-жандыктар ташталат. Негизинен өлгөн мал-жандыктар чуңкурга көмүлүүсү шарт. Бирок аталган таштанды жайында бул талаптардын бири дагы сакталбай келгени видеодо көрүнүп турат. Айыл тургундары дал ушул маселе боюнча бир канча жолу айыл өкмөткө, жергиликтүү бийлике кайрылып келишкен. Бирок ушул кезеге чейин чечилбей келгени өкүндүрөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.