Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен -Толук унаа жолу кейиштүү абалда. Ар кайсы жери чуңкур болуп унаалардын жүрүшү кыйын болууда. Жамгыр жааганда бул жол менен жүргөнгө мүмкүн эмес. Видеодон айылдын тургундары өзүлөр жолду тазалап жатканын көрүүгө болот.
ДЭУдан келип кабар алган эч ким жок. Жок дегенде айына бир жолу түрттүрүп койсо болот эле го, - дейт автор.
Буга чейин "Элдик репортер" рубрикасына бир нече жолу дал ушул маселе боюнча билдирүүлөр келген эле. Бирок ушул кезге чейин тиешелүү тараптан оңдотуп түздөтүү жагы каралбай келет.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.