Коронавирус дагы 63 кишиден аныкталды, 43 айыкты
Новость

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 43 айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус - 26 адамдан, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 20, Ош облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 1, Нарын облусунда - 4 кишиден табылган. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 318 бейтап, амбулатордук түрдө 272 адам дарыланууда. Бир күндө өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. 

Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 818 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 83 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болду.