БШКнын жыйынында жергиликтүү кеңешке шайлоонун чыгымдары бекитилди
Новость www

Жаңы Конституциянын долбоору боюнча өтчү референдумга 55 миллион 642 миң 300 сом бөлүнөт. Бул тууралуу БШК маалымдады. 

Комиссия 14-марттагы жыйынында чыгымдарды бекитти. Эскерте кетсек, 11-мартта парламент референдумду 11-апрелде өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп берип, Президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Референдумда Кыргызстандын жаңы Коституциясынын долбоору үчүн добуш берилет. Сунушталып жаткан Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. 11-апрелде жергиликтүү кеңешке да шайлоо өтөт. Эки процесске 425 миллион сом каралган.