Өзбекстанга кирүүдө милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшыруу талабы алынды
Новость www

Өзбекстанга барган жарандарга бекеттерден жана аэропорттон милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшыртуу талабы алып салынды. 

Мындай чечим 15-марттан тарта күчүнө кирет. Жаңы эрежеге ылайык, коңшу өлкөгө аба жана темир жол каттамы менен барган жүргүнчүлөр COVID-19 жок экенин ырастаган маалым катты гана көргөзүп өтө алат. Сапарга чыгардан 72 сааттан же үч суткадан кеч эмес убакытта ПЧР-тест тапшыруусу шарт. 

Мындан сырткары, Өзбекстанда сапаттуу жана ишенимдүү деп таанылган чет өлкөлүк лабораториялардын тизмеси жарыяланары маалым болду.