Кыргызстанда бир суткада коронавирус 98 адамдан табылды. Каза болгондор жок
Новость www

Республикалык штабдан билдиришкендей, оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталган. 

Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында илдет катталган жок. Бир сутка ичинде 51 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 347 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 143 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 31 киши айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.