Бразилияда коронавирустун кесепетинен ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүндө бош орун калган жок. Мындай абал өлкөнүн бардык аймагында байкалууда. Маалыматка ылайык, 27 шаардагы 25 жандандыруу бөлүмү үзгүлтүксүз иштеп жатат. Айрым адамдар ооруканага жетүү үчүн кезекке турууга аргасыз болушууда. Жандандыруу бөлүмдөрүндө адамдардын саны 80 пайыздан ашат, кээ бир аймактарда 90 пайыз, ал тургай 100 пайызга чейин жетүүдө.
Буга чейин Сан-Паулу штатында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ал эми Риу-Гранди-ду-Сул штатындагы жандандыруу бөлүмдөрүндө бейтаптардын саны абдан көп болгондуктан, шаардагы ири клиникалардын бири жаңы бейтаптарды кабыл албай, баш тартууга аргасыз болгон. Рондония штатында жандандыруу бөлүмдөрү 97,6 пайыз толгон.
Бирок орундар толуп, ооруканаларда кычкылтек запасы тез эле түгөнүп калышы мүмкүн деп эскертишет дарыгерлер. Муну менен өлкөдө кычкылтектин жетишсиздигинен өлүмдүн санынын көбөйүү коркунучу бар. Өткөн аптада Бразилияда COVID-19дан 12 миң 818 адам каза болсо, 464 миңден ашуун адам инфекцияны жуктуруп алган.