Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылды. Ысык-Көл облусунун бир тургуну каза болду. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте – 55, Чүй облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда - 3 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 395 бейтап, амбулатордук түрдө 363 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 321 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 130 киши айыгып чыкса, 1 миң 488 адам каза болду.