Республикалык штабдан билдиришкендей, соңку бир күндө 55 адам илдеттен айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 410 бейтап, амбулатордук түрдө 361 адам дарыланууда.
Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 219 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты", - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 185 киши айыгып чыкса, 1 490 адам каза болду.