Австралияда ири суу ташкыны катталды
Новость www

 Австралияда жарым кылымдан бери биринчи жолу ири суу ташкыны катталды. Өлкөнүн чыгыш жээктериндеги дарыялардагы суу катуу жааган жамгырдын айынан көтөрүлүп, жүздөгөн турак үйлөрдү каптаган. 

Учурда суу туткунунда калган тургундарды куткаруу иштери уланууда. Ал арада метеорология кызматы катуу нөшөр дагы бир нече күнгө созулаарын эскертүүдө.

Катуу нөшөрлөгөн жамгыр Австралиянын чыгыш жээктеринде 50 жыл ичинде ири суу ташкынын пайда кылды. Өлкөнүн бир катар райондору менен борбору Сиднейдин батыш тарабындагы Хоксбери дарыясындагы суу көтөрүлүп, турак жайлар суу алдында калды. Тургундарды үйлөрүн суудан сактап калуу максатында каптарга кум толтуруп, тосмо жасоо керектиги айтылды.

 Аймактагы метеорология кызматы катуу нөшөр дагы бир нече күнгө созулаарын эскертүүдө. Авариялык бригадаларга жарандардан жардам сурап чалуулардын саны 6 миңге жетсе, алардын 700үнө чукул жардам керектиги айтылды. Учурда табият кырсыгы жүздөгөн турак жайды жараксыз абалга кептеди. Бир катар ири унаа жолдор менен мектептер жабылды.
 Австралиянын федералдык өкмөтү табият кырсыгы менен күрөшүүдө акчалай жардамга муктаж болуп турат. Маалымат каражаттары суу ташкыны өлкөнүн жапа чеккен Уэльс штатында коронавируска каршы эмдөөнү үзгүлтүккө учуратканын жазууда. Анткени аталган аймакта 6 млн жаран биринчи эмдөөдөн өтүп, экинчи айлампасынын башталышына аз калган эле.