Былтыр өтүүчү жайкы олимпиада оюндары пандемияга байланыштуу жылдырылган. Мындан улам аталган олимпиада оюндары быйыл өтөт.
Бирок коронавируска байланыштуу олимпиада жана паралимпиада оюндары чет элдик күйөрмандарсыз өтөөрү маалым болду. Анткен менен спорт сүйүүчүлөрү быйыл өтүүчү оюндарга күйөрмандык кылуу үчүн билеттерди сатып алышкан. Уюштуруу комитети алардын акчаларын кайтарып берүү үстүндө иш алып барууда.
Токиодогу Жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар пандемиялык кырдаалга байланыштуу чет элдик күйөрмандарсыз өтөт. Мындай чечимди мелдештин уюштуруучулары кабыл алышты. Бүгүнкү күнгө чейин Олимпиадага 4,5 миллионго жакын билет сатылса, 970 миң паралимпиада боюнча сатылган. Анын ичинен миллионго жакын билеттерди чет элдиктер сатып алышкан. Токио олимпиадасынын уюштуруучулары каржы маселесин чечип берүүнү убада кылышты.
«Биз чет элдик күйөрмандарга билеттерди сатып алууга кеткен бардык акчанын ордун толтурууну көздөп жатабыз. Коронавируска байланыштуу ар бир адам түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм." - деп билдирди Олимпиаданын уюштуруу комитетинин жетекчиси Сэйко Хасиото.
Учурда Жапонияда Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү табылгандыгына байланыштуу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жана региондорунун жарандарына жаңы виза берүүгө тыюу салынган. Учурда Япония жарандары жана узак мөөнөттүү визасы бар чет өлкөлүктөр жана өлкөнүн туруктуу жашоочулары гана кире алышат.
«Биз дүйнө жүзүндөгү күйөрмандардын, спортчулардын үй-бүлөлөрүнүн, алардын Токиодогу оюндарга барууну пландап жаткан досторунун максаттары ишке ашпай калганын түшүнөбүз. Мен буга чындап өкүнөм. Бирок эң башкы приоритет - бул коопсуздук. Япон тарап мындай чечимге оңой менен келген жок деп ойлойм. Токиодогу олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарды ийгиликтүү өткөрүүгө бул кадамдар жасалган" - дейт Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах
Белгилей кетсек, Токио олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок, пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин болот деп айтылган.