Японияда коронавирустун энеден жаңы төрөлгөн балага жуккан биринчи учуру катталганын жалпыга маалымдоо каражаты билдирди. Жапон педиатрлар ассоциациясынын изилдөөчүлөрү вирус төрөлгөндөн кийин дароо эле ПЧР анализи аркылуу ымыркайдан табылганын ырастаган.
Жалпысынан, изилдөө Япониянын 1124 медициналык мекемесинде жургүзүлгөн. Иликтөөгө ылайык, 2020-жылдын август айынын аягына чейин 31 ооруканада коронавирус жуккан энелерден 52 ымыркай төрөлгөн. Алардын бирөөсүндө гана ПЧР анализинин жыйынтыгы оң болгон. Учурда наристенин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жок. Жапон адистери, илдеттин белгилери азыраак байкалгандыктан кооптонууга негиз жок экенин билдирди. Мындай учурлар Японияда мүмкүн экендиги жана кош бойлуу аялдар үчүн жетиштүү чара көрүлүшү керектиги айтылды.