Европа: коронавирустун үчүнчү толкуну
Новость www

Европа өлкөлөрү ковид-19дун күч алып жатканын айтып үчүнчү толкун башталганын жар салууда. Ал арада Париждин тургундары киргизилген чектөө чараларына нааразы. Ал эми Польша жана Украинада алдыдагы эки жумага катуу чектөө чараларын киргизди.

Францияда жаңы санитардык чектөөлөр күчүнө кирди. Ал, Париж аймагында жашаган 21 миллион адамга жана өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш бөлүктөрүнө тиешелүү. Бир жыл мурун бүткүл Франция боюнча күчүндө болгон өзүн-өзү изоляциялоо режиминен айырмаланып, бул жолу француздарга эч кандай себеп келтирбестен көчөгө чыгып, өз үйүнөн 10 чакырым алыстап кетүүгө уруксат берилди. Бирок топ-топ болуп чогулууга таптакыр тыюу салынат.

Ишемби күнү, Польшада үч жумалык чектөө башталды. Февраль айында эле бул өлкөдө музейлер, кинотеатрлар жана мейманканалар кайрадан ачылган. Бирок чектөө чараларын жумшартуу бир айдан ашкан жок. Германия буга чейин Польша менен чек арада көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялаган.

Ал арада Украинанын Киев, Львов жана Винница бийликтери тарабынан катуу карантиндик чектөөлөр киргизилген. Өткөн жумада бул өлкөдө коронавирус инфекциясынын кескин өсүшү аныкталды.