Бир күн аралыгында эле Кыргызстанда COVID-19 75 адамдан табылды. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын билдирген маалыматына караганда, жугуштуу илдетке Бишкектен - 56, Чүй облусунан - 12, Ош шаарынан - 2, Нарын облусунан - 1, Ысык-Көл облусунан - 3, Жалал-Абад облусунан - 1 кишиден табылган.Ал эми бир сутка ичинде 51 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 537 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 274 киши айыгып чыкса, 1 490 адам каза болду.