Учурда Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүүдө
Новость www

Акыркы бир жумадан бери өлкөдө коронавирус менен ооруган жарандардын саны кайрадан көбөйдү. Бүгүн өлкө боюнча 75 адам инфекцияны жуктуруп алса анын 56сы Бишкек шаарынын тургундары. Дарыгерлер санитардык нормаларды сактоодо жоопкерчиликтүү болууга жана муктаждык жок жерлерге барбай турууга чакырат. Бул арада айрым мамлекеттерде чектөөлөр кайрадан киргизиле баштады.

Акыркы суткада бардыгы болуп 51 бейтап айыгып чыкса 75 адам ооруну жуктуруп алды. Учурда Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ооругандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Жалпы пандемиядан бери 87 миң 537 адам илдеттен жабыркап, каза болгондордун саны 1 жарым миңге жакындап калды.