Кыргызстанда бир суткада коронавирус 115 адамдан аныкталып, 2 киши каза болду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 115 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 66, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 42, Нарында - 2, Ысык-Көл облусунда - 3 киши инфекция менен катталды. 

Ал эми бир сутка ичинде 65 адам коронавирустан айыгып чыккан. Акыркы бир күндө өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы өлкө боюнча 87 миң 652 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 339 киши айыгып чыкса, 1 миң 492 адам оорунун курмандыгы болушту.