Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды. Салтанат 2011-жылдагы жер титирөөдөн жана цунамиден кийин өлкөнүн кайра жаралышынын символу катары тандалган Фукусима аймагында башталды.
Биринчи факел көтөргөндөр Япониянын аялдар футбол командасы болушту. Алар ошол жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алышкан. Олимпиада отунун эстафетасы Япониянын Токиого чейинки бардык 47 аймагынан өтөт.
20-март күнү Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдешти чет элдик күйөрмандарсыз өткөрүү боюнча акыркы чечимди кабыл алган. Киргизилген чектөө COVID-19дун жайылышына жол бербөөгө багытталган. Ошондой эле Японияда алар аралдарга вирустун жаңы түрлөрү кирип кетет деп кооптонушууда.