Коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик күйөрмандарды Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына киргизбөө тууралуу чечимди уюштуруучу комитет кабыл алды.
Эми билет сатып алган чет элдик күйөрмандардын акчасы кайтарылып берилет. Ошондой эле чет өлкөлүк ыктыярчылардан баш тартылышы жана оюнга келүүчү делегациянын санына чектөө киргизилиши да күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Олимпиада оюндары өтүшү керек болчу. Бирок коронавируска байланыштуу быйылкыга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтүшү күтүлүүдө.
Олимпиада 2021-жылы өтсө да, “Токио-2020” аталышы сакталат. Бул Олипиада оюндары 33 спорт түрү жана ойнотулган 339 медалдар менен эң маштабдуу болот.
Кыргызстандык алты спортчуда Жапонияда өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо бар.
Алар – балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, жеңил атлетчилер Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая жана суучул Дениш Петрашов.