Өлкөдө бир суткада коронавирус 100 адамдан табылды. Каза болгондор катталган жок
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 100 адамдан табылды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 45, Чүй облусунда - 46, Ысык-Көл облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 1, Ош облусунда -2, Баткенде - 1 киши илдетке кабылды. 

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыкса, 505 бейтап стационарларда дарыланууда. Соңку бир күндө өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 229 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын 4 миң 196сы айыгып чыкты. Жалпы өлкө боюнча 87 миң 858 адам тумоону жуктуруп, алардын ичинен 84 миң 469 киши сакайып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.