Октябрь окуясы учурунда көзүнөн жаракат алган мекендештерибизге Москвада операция жасалууда
Новость www

Октябрь окуясы учурунда көзүнөн жаракат алган үч мекендешибиз операция жасатуу үчүн Москвага барды. Алар Россиянын ири клиникаларынын биринде дарыланат.

35 жаштагы Талант Бейшеев 2020-жылдын октябрь окуяларында жапа чеккен. Митингчилерди таркатуу учурунда желим ок анын оң көзүнө тийген. Ал 4-шаардык ооруканага жеткирилип, бир күндөн кийин жабырлануучуга операция жасалган. Бишкектик дарыгерлер агып калган көзүн толугу менен алып салган. Бирок, томографиядан кийин көз чанагында бөтөн нерсе калып калганы аныкталган.