Өлкөдө бир суткада коронавирус 71 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 71 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте – 53, Ош – 1, Чүй облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 550 бейтап, амбулатордук түрдө 515 адам дарыланууда. Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 

Пандемия башталгандан бери 4 миң 241 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 653 киши айыгып чыкса, 1 миң 497 адам каза болду.