"2021-жылдын күз мезгилине чейин өлкөнү коронавируска каршы вакцина менен толук камсыздайбыз", - деди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Министр вакцинаны алууга ар тараптан колдоо келип жатканына токтолду.
"Өткөдө Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолукканда Россияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны бар экенин айтып, баары акысыз эмделе турганын белгилеген. COVAX программасынын алкагында вакцинанын 2 миллион 600 миң дозасын алабыз. Ал 1 миллион 300 миң адамга жетет. 500 миң дозаны Россия берсе, Кытайдан вакцинанын 150 миң дозасы келди. Жакында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукканбыз. Ал дагы вакцина алууда жардам болорун айтты. Азыр Кытай төрагасы Си Цзиньпинге бул боюнча кат даярдап жатабыз. Дүйнөлүк, Ислам банктары да жардам берүүгө кызыкдар. Күзгө чейин вакцина менен толук камсыз кылабыз", - деди министр.