Ош шаарындагы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды
Новость www

Ош шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. 

Вакцинаны алгачкылардан болуп, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов алды. Эмдөөнү Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева баштап берди. 

Ош шаарына Кытайда чыгарылган "Синофарм" вакцинасынын 600 дозасы жеткирилген, аны менен биринчи этапта 300 адам эмделет. Министрликтин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер, андан тышкары, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт.