Кыргызстанда коронавируска каршы алгачкылардан болуп эмделген Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Айтымында, вакцина алган бардык жарандардын абалы жакшы. Ал эми өлкөдө акыркы бир күндүн ичинде коронавирусту дагы 113 адам жуктуруп алды, дагы бир бейтап каза болду. Ошол эле учурда 70 адам сакайып чыкты. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарынын тургундары.
Азыркы тапта стационарларда 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери, коронавирус жуктургандардын саны 88 276га жетип, алардын ичинен 84 723 адам айыгып чыкты. Тилекке каршы илдеттен 1498 бейтап каза болду.