Бишкек менен Чүйдө коронавирус күч алды
Новость www

Коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаары жана Чүй облусунун тургундары. Буга байланыштуу борбордо чектөө чаралары кайрадан күчөтүлүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө адистер бет кап режимин сактоого чакырып, илдет бир гана Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө күч алып жатканын эскертүүдө. 

Өлкөдө акыркы бир күндүн ичинде коронавирусту дагы 113 адам жуктуруп алды, бир бейтап каза болду. Ошол эле учурда 70 адам сакайып чыкты. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарынын тургундары. Азыркы тапта стационарларда 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери, коронавирус жуктургандардын саны 88 276га жетип, алардын ичинен 84 723 адам айыгып чыкты. Тилекке каршы илдеттен 1498 бейтап каза болду.