Кыргызстанда бир суткада коронавирус 98 адамдан табылды. Бир бейтап Бишкектен каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 48, Ошто - 1, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 кишиден вирус табылган.
Ал эми соңку бир күндө 86 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 616 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 499 адам каза болду.