Кыргызстанда бир суткада коронавирус 139 адамдан табылып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте -123, Чүй облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 10, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 3 кишиден илдет табылды. Ошондой эле 107 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук шартта болсо 774 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 269 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, алардын ичинен 4 миң 206 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан тартып 89 миң 153 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 85 миң 271 киши айыгып чыкса, 1 миң 507 адам каза болду.