Вакцина - иммунитетти активдештирип, коронавирусту жок кыла турган заттарды иштеп чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, эмделген киши коронавирус илдети менен оорубайт же тумоо жеңил формада өтөт. Жугуу деңгээли адамдын жеке өзгөчөлүгүнөн көз каранды болуп, алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Эмдөөдөн кийин аллергиялык реакция, дене табы көтөрүлүү, баш оору, кубатсыздык, муун оорулары, ийне сайган жер шишип же ооруксунуу сыяктуу белгилер байкалып, тамакка табит жоголушу мүмкүн.