Өткөн суткада коронавирус 124 адамдан табылып, 2 киши көз жумду
Новость www

Өткөн суткада коронавирус 124 адамдан табылып, 2 киши көз жумду. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди. 

Илдет Бишкекте - 77, Чүй облусунда - 43, Нарында - 3, Ош облусунда - 3 кишиден табылды. Ал эми калган аймактарда ооруну жуктуруп алган жаңы учур катталган жок. Медиктердин арасында илдетти 3 кызматкер жуктуруп алды. 

Стационарда - 662, амбулатордук шартта - 763 бейтап дарыланууда. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 89 миң 277 киши тумоого чалдыкса, 85 миң 388и айыккан. Ал эми көз жумгандардын саны 1 миң 509 болду. Мындан сырткары өткөн суткада 4 миң 749 ПЧР анализ алынган.