Борбор калаа “кызыл тилкеге” киргенине карабай, шаар тургундары санитардык нормаларды сактабай жатат
Новость KTRK/videograp

Коронавирустун үчүнчү толкуну май-июнь айларында күч алышы мүмкүн. Учурда Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө эпидемиологиялык кырдаал курч болууда. 

Борбор калаа “кызыл тилкеге” киргенине карабай, шаар тургундары санитардык нормаларды сактабай жатат. Адистер жарандарга коомдук транспортто, эл көп топтолгон жайларда сөзсүз беткап тагынууну эскертүүдө.