Кыргызстанда бир суткада коронавирус 222 адамдан табылып, 4 киши каза болду
Новость

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 222 адамдан табылып, 4 киши каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 183, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 24, Ысык-Көл облусунда - 4, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абадда - 4, Баткен облусунда - 1 кишиден илдет аныкталды. 

Ал эми бир сутка ичинде 111 адам коронавирустан айыгып чыкса, 712 бейтап стационарларда дарыланууда. Соңку бир күндө өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.