Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Алматыда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдештин финалына чыгып, Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Финалдык кармаш бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталат.
Маалым кыла кетсек, учурда Алматы шаарында спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдеш өтүп жатат.
Буга чейин "Токио-2020" олимпиадасына жолдомолрду Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков жана Денис Петрашов утуп алган.